Вокал боюнча билим алган, үйлөнүү тою Кырчын жайлоосунда өткөн... Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбековдун өмүр баяны

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп Союзбек Надырбеков дайындалды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Буга чейин Союзбек Надырбеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Өмүр баяны:

Союзбек Надырбеков 1990-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында жарык дүйнөгө келген.

2008-2009-жылдары - Кыргыз-Түрк "Манас" университеттинин эстрада вокал боюнча билим алган.

2019-2013-жылдары - Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер жаатында билим алган.

2009-2012-жылдары - Түштүк Кореяда Чунг-Анг университетинин ички жана сыртка саясат боюнча билим алып келген.

2015-2017-жылдары - Президенттин алдындагы башкаруу академиясында аспирант.

Эмгек жолу:

2013-2015-жылдары - "KGM" туристик компаниясынын башкы менеджери;

2013-2015-жылдары - "Лидер" жаштар клубунун төрагасы;

2015-2017-жылдары "Asia Children Charity" эл аралык кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору;

2016-2017-жылдары - өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаштар иштери боюнча кеңешчиси;

2018-2019-жылдары - "King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe" (Сауд Арабия) координатору;

2017-2018-жылдары - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана даярдоо боюнча уюштуруу иштерине катышкан;

2021-жылы - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.

2018-жылы Союзбек Надырбековдун үйлөнүү тою III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катар
Кырчын жайлоосунда өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jibani
2021-12-28 16:10:36
Поздравляю
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан