Чүй облусунун Аламүдүн районунда уурулук фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн РИИБине Кара-Жыгач айылынын 34 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 20 тонналык контейнерин жана чарба буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип Чүй облусунун жашоочусу А.Т. аттуу аял кармалган. Териштирүү учурунда шектүүнүн Көк-Жар айылында катталган дагы бир кылмыш ишине тиешеси бар экендиги маалым болгон. Териштирүү иштери улантылууда.