Жыл жаңырар алдында дүйнө жүзү боюнча Жаңы жыл майрамына карата миллиондогон балатылар орнотулуп жатат. Кыргыз өлкөсүнүн облус, шаарларында дагы майрамга карата түрдүү балатылар орнотулуп жаткан маалы.
Социалдык тармактарда 2022 деген сандын ордуна 202 коюлуп калган балатынын сүрөтү кызуу талкууга алынууда.
Аталган балаты Чүй облусунун Кант шаарынын балатысы экендигин тактадык. Бул боюнча Кант шаарынын вице-мэри Улан Кадыровго байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Шаарга орнотулган балатынын сандарын 21-декабрь күнү талкалап кетишиптир. Бүгүн сандарды ордуна коюп оңдоп койдук", - деди Кадыров.