Орусиянын Владивосток шаарындагы портко музга тоңгон ири адаттан тыш жүк келип түштү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кемеде чындыгында Орусияга Япониядан сатуу үчүн алып келинген жапжаңы унаалар болгон.
Унааларды алып келген Sun Rio аттуу жүк ташуучу кемеси жолдо бороонго кабылып, унааларды калың муз жана кар каптап калган.
Бактыга жараша, унааларга эч кандай зыян келген эмес.