Аламүдүн районунда өрттүн кесепетинен 1 адам каза болду

Бүгүн, 28-декабрда Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 9:07де Аламүдүн райондук №28 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт саат 9:37де чектөөгө алынган толук 9:43тө өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 85 жаштагы Л.И. аттуу эркек киши каза болду. Куткаруучулар жансыз денени чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Үйдүн жыгач полу, бир даана эшик, 2 даана төшөк күйгөн жана өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан