Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жаңы жетекчиси Алтынбек Жумаев ким? (өмүр баяны)

Бүгүн, 28-декабрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп Алтынбек Жумаев дайындалды.

SUPER.KG порталы 51 жаштагы жаңы жетекчинин эмгек жолун тизмектеп окурмандарга сунуштайт:

Жумаев Алтынбек Мусаевич

1970-жылы 1-январда төрөлгөн.

Быйыл өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт иштерин жетектеген.

Эмгек жолу:

– КТРКда диктор – 1998-2005-жылдары;

– Өкмөттүн аппаратында эксперт – 2005-2006-жылдары;

– КТРКнын "Замана" Студиясынын жетекчиси – 2006-2008-жылдары;

– КТРКнын башкы директорунун кеңешчиси – 2008-2009-жылдары;

– «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясында башкы директор – 2009-2010-жылдары;

– 2010-жылы ЖЧК "ААК" ("НУР" телекомпаниясын) негиздеген;

– “Редакция ТРК “Канал D” ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору – 2017-2018 – жылдары;

– Быйыл ноябрь айынан декабрь айына чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси жана президенттик администрациянын жетекчиси кызматын аркалап турган.

Билими:

– 1991-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган;

– 2004-жылы Кыргыз-орус билим берүү академиясын аяктаган;

– 2017-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган;

– Ал эми 2021-жылы Тышкы иштер министрлигинин алдындагы К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Кошумча маалымат:

– Эл аралык медиа эксперт;

– Бир катар эл аралык, мамлекеттик долбоорлордун жана теледолбоорлордун автору;

– “Маданияттын отличниги” төш белгисинин ээси;

– «Билим берүү министрлигинин отличниги» төш ​​белгисинин ээси;

– «Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин отличниги» төш ​​белгисинин ээси;

– Куршаб айылдык кеңешинин ардактуу атуулу;

– Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antiradikal10
2021-12-28 18:47:40
Маалымат бираз туура эмес...

Документтерде "телеканал D" деп билинген 7-каналдын негиздоочусу жана кожоюну Ташиев болгон. Ал эми бул Алтынбек Жумаев ошол телеканал ачылгандан тарта (адашпасам 2010 же 2011 жыл) ошол телеканалды жетектеп келет. Бул телеканал 2015-16жж Атамбаевдин карамагына откон. Ошол себептуу да Ташиев кийин "Регион Тв" телеканалын ачтырган. Былтыркы тонкоруштон кийин "7-канал" кайра Ташиевдин карамагына откон.
0
Antiradikal10
2021-12-28 18:53:25
Ал эми Алтынбек Жумаев 7-каналды тузуучу болгону менен, анын кожоюну болгон эмес. Ал коптогон жылдар Ташиевке ак кызмат отогон ишеничтуу адамы болгон...

Мунун бир тууган агасы Алайбек Жумаевдин быйыл дароо аким болуп калышынын артында Ташиев турат. Алтынбек Жумаевдин Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси жана президенттик администрациянын жетекчиси кызматын аркалап калганына, бугунку кызматка келгенине Ташиев себепчи болуп отурат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан