Жалал-Абадда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 120 балага белектер тапшырылды

Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесиндеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 120 балага Жаңы жылдык белектер берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова катышты.

Быйыл Жалал-Абад шаарындагы 26 окуучуга президент Садыр Жапаровдун, 500дөн ашык балага жергиликтүү бийлик тарабынан жаңы жылдык белектер даярдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан