Бишкекте баңгизатын ташып жана саткан каналга бөгөт коюлду

Ички иштер министрлиги тарабынан баңгизатын саткан каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизат каражаттарын даярдап, Ысык-Көл жана Чүй облусуна ташуу, сатуу менен алектенген каналга бөгөт коюлган.

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен Тойота-Эстима унаасы токтотулган. Унаага тинтүү жүргүзгөндө 3 килограмм баңгизаты табылган. Ал эми ичиндеги жаран сатуу менен алектенген топтун катышуучусу баңгизатын ташуу жана сатуу кызматын аткарып жүргөн. Кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө изоляторуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар жарандардын аты-жөнүн аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бишкекте баңгизатын ташып жана саткан каналга бөгөт коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан