Садыр Жапаров 4-класстын окуучусуна белек берди. Ал өлкө башчыга кат жолдогон

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде Атабек Буржиев аттуу 4-класстын окуучусу президент Садыр Жапаровго кат жазып, жаңы жылга белек сураган. Бүгүн, 28-декабрда өлкө башчысынын жиберген белегин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тапшырды.

Шаардык мэриядан кабарлашкандай, калаа башчысы Атабектин окууларына ийгиликтерди каалап, кирип келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

"Атабек белекти алууга апасы жана карындашы менен келген. Ал президент Садыр Жапаровдун жиберген белегине ыраазычылыгын билдирип, жаңы жылдык куттуктоосун жолдоду", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан