Бишкек шаардык мэриясында таштандыларды жер астында сактоо жана чогултуу боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла турганы айтылган. Долбоор боюнча SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов түшүндүрүп берди.
Анын айтымына караганда, пилоттук долбоордун негизинде таштандыны чогултуу системасы алгач борбордун эл көп жүргөн 3 жайга орнотулат.
"Бул долбоорду калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин демилгеси менен иштеп чыктык. Биринчиден бул долбоор Бишкек шаарынын көрктөндүрүү маселесин чечет. Баягыдай таштанды челектери жок болуп, металдан жасалган кутучалар орнотулат. Эл таштандыны ошол кутуларга салып кетишет. Ал жерден ит-куш же башка бирөөлөр келип алып чыга алышпайт. Экинчиден жыт чыкпайт, үчүнчүдөн өрт коопсуздугу сакталат, эч ким келип күйгүзүп кете албайт.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 миллион сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп берилди. Бул каражатка 3 жерге таштандынын жер алдына чогултуу системасы орнотулат. Ал эми калганын өзүбүз донорлордун жардамында борбор калаадагы бардык таштанды чогултулган жайларга системаларды орнотконго аракет кылабыз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Пилоттук долбоор эл көп жүргөн жайда ишке ашырылат. Төмөнкү жерлерге таштанды чогултуу системалары орнотулат:
Кечээ, 28-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын расмий сайтында Бишкек шаарында таштандыларды жер астында сактоо жана чогултуу боюнча пилоттук долбоорду украиналык компания ишке ашыра турганы жазылган.
Ага ылайык, пилоттук долбоор үчүн сынакта украиналык "Диасон" компаниясы жеңип чыккан.
Максатбек Сазыкулов тендерге эки компания катышканын, алардын арасында ата мекендик компаниялар катышпаганын айтып өттү.
"Менин маалыматым боюнча, тендерге эки компания катышкан. Тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жүргүзүлдү. Анын ичинен украиналык компания утту деп айтышты. Бул компаниянын артыкчылыгы системаларды өзүлөрү чыгарат экен. Баасы арзан болот. Тендерге ата мекендик компаниялар катышкан жок", - деп кошумчалады вице-мэр.
Кыргыз өлкөсүндө пилоттук долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн алган украиналык "Диасон" компаниясынын ишмердигине кызыгып көрдүк.
"Диасон" компаниясы 2009-жылдан бери Украинанын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 90 кызматкери бар. Товарларын 5 өлкөгө жеткирет. Алар Франция, Азербайжан, Молдова, Грузия, Италия.
Бул компания жүк көтөрүүчү жабдуулардын долбоорун иштеп чыгуу, орнотуу, модернизациялоо жана тейлөө менен алектенет. Башкы кеңсеси Украинанын Днепр шаарындагы Береговая көчөсүндө жайгашкан.
Аталган компаниянын расмий сайтында таштандыларды жер астында сактоо жана чогултуу боюнча контейнерлерди сүрөттөр менен төмөнкүдөй түшүндүрүп берген.
Аталган компания Бишкекке 3 жер астындагы таштандыларды сактоо жана чогултуу системасын орнотот. Ар бир система 4 таштанды челек менен жабдылат.
Белгилей кетсек, буга чейин жаңы таштанды таштоочу полигонду куруу келишимине "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасы менен эстониялык "Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS" компаниясы 2017-жылы 28-мартта кол койгон. Ал эми келишимдин баасы 7 жарым миллион еврону түзгөн.
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев аталган компаниянын сайтынан караганда алар таштанды менен иштегенин көрө албаганын айттып чыккан.