Ош облусунун Чоң-Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайында отурган кылмышка шектүүлөр кыйноолорго кабылганын айтышты. Тагыраагы, шектүүлөрдүн бири 2 күн бою кыйноого кабылгандан кийин, арызга кол койгонун айткан. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалымат кызматынан билдиришет.
Даттануудан кийин аталган борбордун Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жумушчу тобу Чоң-Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына текшерүү жүргүзүштү.
"Текшерүү учурунда изолятордо адам өлтүрүүгө шектелген Чоң-Алай районунун 1971-жылы туулган тургуну Э.Ч. жана 1963-жылы туулган А.Р. аттуу эки адам отурушкан.
Кылмышка шектүүлөрдүн биринин айтымында, милиция кызматкерлери аны 16-октябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен, эртеси күнү РИИБдин башчысынын иш бөлмөсүнө алып келишип, башына противогаз кийгизип, муунтуп, сабап баштаган.
Андан соң ал күнөөнү өз моюнуна алууга аргасыз болуп, кыйноону токтотууну суранган. Анын айтымында, кызматкерлер аны шылдыңдап "киши өлтүргөнүңдү моюнга албасаң өзүң өлөсүң же өмүр бою майып болуп каласың" деп коркутуп-үркүтүүнү уланта беришкен. Ал эки күн бою кыйноого алынып, андан кийин күнөөнү моюнга алган арызга кол койгонун билдирген", - дейт улуттук борбордун аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу Улугбек Абдулазимов.
Экинчи шектүү кылмыштуу ишке шериктеш катары катышып жатканын, кыйноолордон улам Э.Ч. ичимдик ичкен шеригин өлтүрүп, сөөгүн каналга ыргытып жибергендигин билдиргенин айтты. Кармалгандар аларга карата кыйноолор колдонулгандыгы тууралуу арыз жазышкан.
Убактылуу кармоочу жайды текшерүү учурунда эксперттер башка мыйзам бузууларды да аныкташты. Камеранын ичи суук, абанын температурасы болгону 15 градустан ашпайт. Кармалгандардын айтымында, күнүнө алар эки жолу узактыгы 10 мүнөттөн гана сейилдөөгө чыгышат.
"Жети-эки метрге барабар сейилдөөчү короонун өзү таштандыга толуп, кардан тазаланбай турат. Ысыктан же суук аба ырайынан далдалана турган жабык аянт жок. Дубалдары жарака кеткен. Ажаткана кир жана таптакыр колдонууга жараксыз. Ошондой эле убактылуу кармоочу жайда жуунуучу бөлмө да жок. Кармалгандар 20 күндөн ашык душка түшкөн эмес. Тамак-ашты жылытууга жана жеке буюмдарды сактоого орун жок. Универсалдуу медициналык аптечкада тиешелүү дары-дармектер жок, мөөнөтү өтүп кеткен шприцтер гана бар", - деп кошумчалады Улугбек Абдулазимов.
Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, материалдар текшерүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн компетенттүү органдарга жөнөтүлөт.