Улан Ниязбеков: "Быйыл ИИМдин 34 кызматкери пара алуу фактысына шектелүүдө"

Ички иштер министри Улан Ниязбеков "Эркин-Тоо" гезитине маек берип анда пара алган, мыйзам бузган кызматкерлери жөнүндө айтып берди.

"Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милициянын кадыр-баркын кетирген, пара алган, мыйзам бузган кызматкерлерден тазалоо ишин күчтөндүрүп келүүдө. Башкача айтканда, укук тартибин бузган кызматкерлерди өзүбүз кармап, жоопко тартып жатабыз. ИИМ өз катарын таза эмес кызматкерлерден тазалайт жана мыйзам бузгандар жазадан кутулбайт.

Коррупцияга каршы ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрүлбөйт мыйзам бузгандар жоопкерчиликке сөзсүз тартылат. Алсак, быйыл пара алуу боюнча 23 факты аныкталып, 34 кызматкер шектелүүдө. Былтыркыга салыштырмалуу 12 фактыга өскөн.

Кызматкерлердин ар түрдүү кылмыштарга жана коррупциялык көрүнүштөргө аралашуусун алдын алып, өз учурунда чара көрүү үчүн ички иштер органдарында күнү-түнү иштеген 78 “ишеним телефондору” орнотулуп, келип түшкөн ар бир маалымат көзөмөлгө алынып, жыйынтыгы чыгарылып турат", - деп билдирген Ниязбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2021-12-28 23:31:01
Бир жылда бети кызарбай, бир саат десен боло иним
0
Antiradikal10
2021-12-29 09:37:03
Болгону 34 адамбы? ИИМде жалпы канча кызматкер иштейт? Ошонун 95% пара алат го?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан