Баткен облусунун Лейлек районунда жалпы суммасы 1 жарым миллион сом болгон жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, жүктөр бүгүн, 28-декабрда алынды.
Билдирүүгө ылайык, Лейлек районунун Борбордук айылына кире беришинен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү 4 унаа токтотулган. Унаалар Кыргыз жарандарынын башкаруусунда болгон.
"Айдоочулар Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга 3200 килограмм момпосуй, таттууларды, 3300 литр өсүмдүк майын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Азыктардын тиешелүү кагаздары болгон эмес. Алдын ала маалымат боюнча, азыктардын жалпы суммасы 1 миллион 537 миң сомду түзөт.
Тиешелүү протоколдор толтурулгандан кийин айдоочулар жана алынган жүктөр андан аркы тергөө үчүн компетенттүү кызматтарга өткөрүлдү", - дешет маалымат кызматынан.