Чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбек жараны кармалды

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу УМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрда чек арачылар Аксы районунун Ак-Таш айылында Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан Өзбекстанды көздөй бара жаткан адамды байкашкан. Бирок аны чек арадан өткөрбөй кармашкан.

Ал адамдын аты-жөнүн такташканда 39 жаштагы Б.А. аттуу Өзбек жараны экени белгилүү болду.

Кармалган жаран териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү түзүмдүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан