Чүйдө колледждердин биринде мугалимдер башка диндер тууралуу китептерди кыйнап окутуп жатканын студенттердин бири айтып чыкты. Бул боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери башталганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалым болгондой, Шопоков шаарындагы колледждердин биринде окуган студенттер видео кайрылуу жасашкан.
"Милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Шопоков шаарындагы билим берүү мекемелеринин биринин студенттеринин видео кайрылуусун ачып, анда аталган мекеменин мугалимдери аларга башка диндин китептерин мажбурлап окутуп жатышканын аныкташты. Ошондой эле билим берүү мекемесинин ректору окуудан баш тарткан учурда студенттерди окуудан чыгарары да кайрылууда айтылган.
Бул факты каттоого алынды. Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле комплекстүү иликтөө максатында Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", - дешет башкармалыктан.