Бишкек шаардык милиция кызматкерлери пакистандык студенттер менен жолугушту. Криминалдык милициянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда студенттер суроолорун ачык беришип, кызыктуу талкуулар да өтүп, ар кандай темалар талкууга алынганын башкы башкармалыктан билдиришти.
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери миграция жаатындагы учурдагы мыйзамдарга жана чет элдик жарандардын Кыргыз өлкөсүндө жүрүү эрежелерине токтолушту. Ошондой эле алар коопсуздукка коркунуч жаралса, дароо милициянын жакынкы бөлүмүнө кабарлап, 102 кыска номерине чалуу керектигин эскертишти. Мындан тышкары бардык студенттерден, эгер зарыл болсо түз эле милицияга кайрылууну айтып, визиттик карточкалар тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда чет элдик студенттер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлерине жолугушуу үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да ушундай ачык форматта тез-тез жолугуп, баарлашып туруу каалоолорун билдиришти.