Бир канча күн мурда Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасын бузуу иштери башталды. Ага чейин министрлер кабинетинин төрагасы жана башка бир катар чиновниктердин мейманкананын короосунда топтолуп, кой байлап турган видеосу тарады. Социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан тартылган видео интернетке жарыяланып, анда мал курмандык чалынганы айтылат. Ошондой эле имаратта иштеп жаткан подрядчиктердин маалыматына караганда, бузуу процесси башталганы белгиленген.
Кийинчерээк президенттин иш башкармалыгы "Ысык-Көл” мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалда болгондуктан имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эместиги белгилеген. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынарын маалымдаган.
Эртеси күнү SUPER.KG порталына өздүк булактар "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна президенттик администрациянын имараты куруларын айтышты.