Бишкекте эки күн ичинде баш калкалоочу жайы жок 15 адам аныкталды

Бишкекте үй-жайы жок жарандарды аныктап, аларды баш калкалоочу жайларга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүп баштады. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан эки күндө 15 адам баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.
"Аба ырайынын өзгөргөнүнө байланыштуу патрулдук милиция кызматкерлери көчөдө, турак жайлардын жер төлөсүндө жүргөн жарандарды шаардык "Коломто" мекемесине жеткиришти. Ал жерден бул жарандар ысык тамак-аш менен камсыздалып, медициналык жардам ала алышат.
Эгерде баш калкалоочу жайы жок адамдарды байкап калсаңыз 102 кызматына билдирүүгө чакырабыз", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан