Мурдагы мэр Азиз Суракматовдун кеңешчиси болгон Гуля Алманбетова парламенттик шайлоого катышат


Бишкек шаарынын мурдагы мэринин (Азиз Суракматов) кеңешчиси болгон Гуля Алманбетова бир мандаттуу шайлоо округунан парламенттик шайлоого катышат. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Алманбетова 28-декабрда арызын таштады.

"Гуля Алманбетова 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо №29 Свердлов шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырды", - дешет БШКдан.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2022-жылдын 27нварында саат 18:00дө аяктайт.

Буга чейин №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоого мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева талапкерлигин көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2021-12-29 01:45:56
Жакшы иштеңиз сиз өтөсүз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан