Дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кош бол, Гүлсары!" повести тууралуу немис тилинде эки бөлүктөн турган радиоспектакль коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Анда радиоспектаклдын режиссёру Хайке Таух жана анда немис актёрлору ойногонун белгиленет.
"MDR Kultur" программасынын атайын чыгарылышында Берлин шаарындагы Кыргыз-Герман маданий коомунун өкүлү Махабат Садырбектин жана германиялык актёр Феликс Гезердин катышуусу менен жогоруда аталган чыгарма тууралуу пикир алмашуу болуп өттү.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары немис тилине которулган жана немис окурмандарынын арасында популярдуу. Бүгүнкү күндө Айтматовдун немис тилиндеги бардык белгилүү чыгармаларын Германиянын китеп дүкөндөрүнөн сатып алса болот", - дешет маалымат кызматынан.