Орусияда мигранттар үчүн жаңы эрежелер киргизилди

Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 29-декабрынан тартып Орусияда жүргөн мигранттарга 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, манжа изин каттатып жана сүрөт түшүү жол-жобосунан өтүшү керектигин жарыялады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар алгач фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү керек. Андан соң манжа изин каттатып, сүрөткө түшөт.

"Манжа изин каттатуу үчүн Орусиядагы аймактык ички иштер башкармалыктарга, ИИМдин алдындагы паспорт-виза кызматына же Москва шаарындагы көп тармактуу миграция борборуна кайрылуу керек. Бул үчүн чет элдик жарандар паспорттун жана медициналык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган маалым кат ала барууга тийиш.
Ал эми манжа изин каттатып, сүрөткө түшкөндөргө ырастоочу документ берилет. Ал бир жолку жана Орусияга кирүү чыгуу санына карабастан акысыз болот. Милдеттерди аткарбаган жарандардын Орусияда калуу мөөнөтү кыскартылат.

Ошондой эле Орусияга иштегени эмес, башка максатта барган Кыргыз жарандары бул өлкөгө кирген күндөн тартып 90 күндүн ичинде атайын органдардан милдеттүү түрдө манжа изин каттатып жана сүрөткө түшүп, медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек. Милдеттүү жол-жободон алты жашка чыга электер же мурда манжа изин калтырып сүрөткө түшкөндөр бошотулат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан