
Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылындагы үч аялдын өлүмүнө айыпталып жаткан шектүүлөр акталды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди сот кечээ, 28-декабрда чыгарган.
"Анда 3 шектүүгө "уурулук", "адам өлтүрүү" жана "жашы жете электерди кылмыш жасоого тартуу" беренелери менен айып тагылган. Ал эми дагы эки жаранга "уурулук", "адам өлтүрүү" беренелери коюлган. Сотто жогоруда аталган алты жаран акталды. Ишин иликтегенде кылмыштын белгилери табылган эмес", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2016-жылы Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-мартта мыкаачылык менен 3 аял өлтүрүлгөн. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын
экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин 24 жаштагы кош бойлуу кызы болгон. Кылмышка шектүү катары кармалган
6 адам жергиликтүү тургундар болуп чыккан.