Бишкекте темир торчолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарындагы темир торчолорду уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, К.Н. аттуу жаран 2-декабрдан 3-декабрга караган түнү Көк-Жар конушунда темир торчолорду жашыруун уурдап кеткендерге карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты Октябрь РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБинин шаардык милициясынын 3-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери уурдоого тиешеси бар делген шектүүлөрдүн изинен барышкан. Алар 1998-жылы туулган Н.С., 1995-жылы туулган Л.Г., 1999-жылы туулган Б.А. болуп чыкты.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Октябрь райондук соту шектүүлөргө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр 18ден ашык жерде темир торчолорду уурдоо фактыларын көрсөткөн. Ошентип алар "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына 140 миң сом зыян келтиришкен.

Мындан тышкары, кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кийинки тергөө иш-чаралары жана ыкчам иш-чаралары улантылууда", - деп жазылган маалыматта.

Бишкек шаарындагы арыктарга коюлуучу торчолорду уурдоого шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан