Кечээ, 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Жолугушууда Орусия президенти Тажикстанга сырттан келип жаткан ар кандай коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу үчүн зарыл болгон курал-жарактарды жана техникаларды жеткиргенин белгиледи.
"Биз Тажикстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо багытында жигердүү иштеп жатканыбызды билесиздер. Жакында эле биздин макулдашууларга ылайык, Тажикстандын куралдуу күчтөрүн чыңдоо максатында, Тажикстанга сырттан келип жаткан ар кандай коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу үчүн зарыл болгон курал-жарактарды жана техникаларды жеткирүү ишке ашырылды.
Тажикстан биздин ишенимдүү жана жакын союздаштарыбыздын бири. Биз бардык тармактарда мамилелерди абдан активдүү өнүктүрөбүз. Бул коопсуздук маселелерине да тиешелүү. Азыр Ооганстан менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу биз сиздер менен ар дайым байланыштабыз", - деген Путин.
Мындан тышкары, Владимир Путин Тажикстандын экономикасын чыңдоо максатында миграция маселеси дагы тездик менен чечилип жаткандыгын баса белгилеген.