Бишкек шаарында МАИчилерди коркуткан кичи автобус жүргүнчүсү кармалды. Ал 1970-жылы туулган Н.Жанар, Ак-Босого жаңы конушунун тургуну. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Айдоочу кичи автобусту айдап бара жаткан учурда Жибек-Жолу-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузгандыгы үчүн МАИ кызматкерлери тарабынан токтотулган. Андан соң протокол түзүлүп жатканда, аталган кичи автобустун жүргүнчүсү Н.Жанар жогорку кызматтагы тааныштарын айтып, МАИчилерди коркута баштаган жана Жол кайгуул инспекторунун төш белгисин жулуп алып, каршылык көрсөткөн. Учурда жогорудагы факты Биринчи Май РИИБине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.