
"Манас" эл аралык аэропортунда 29-декабрга караган түнү коюу туман байкалган. Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалып жатканын аэропорттун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Алматыдагы кошумча аэродромго Дубайдан "Flydubai", Кувейттен "Jazeera", Шарджадан "Air Arabia" компанияларынын учактары конду.
Ал эми Москвадан "Avia Traffic" жана Делиден "Aero Nomad Airlines" учактары Оштогу кошумча аэродромго конгон. Андан сырткары, Маскаттан "Salam Air" учагы Ташкенттеги кошумча аэродромго барып конгону маалым болду.
Ички каттамдар дагы кармалып жатканы айтылды.
Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот:
"Манас" - 0 312 693109;
"Ош" - 0 3222 90101.