Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2003-жылы туулган Абдукаримова Лаура Курсантбековна дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын 30-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынан өткөн Бишкек-Ош жолундагы кафелердин биринде чай ичип отуруп, "азыр келем" деп сыртка чыккан бойдон дайынсыз болууда.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы, көзү кара, арык дене түзүлүштө .
Кийген кийимдери: Кара түстөгү кыска куртка, кара түстөгү спорттук шым, кышкы бут кийим.
Учурда 18 жаштагы Лауранын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Байланыш телефондору: 102, 03748 5- 02- 09, 0558 16-16 -91, 077 80-65-68.