Өлкөдөгү сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги жаздын кеч келишинен болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
"Быйылкы жылда биздин дыйкандарыбызга сугат мезгилинде суу берүүдө көп көйгөйлөр болду. Алардын себептеринин бири жаздын кеч келиши жана суук болушу, өзөндөргө суулардын кеч келиши. Планды айта турган болсок дыйкандарыбызга 4 миллиард 883 миллион куб суу беришибиз керек эле. Бул план 92 пайызга аткарылды. Суу кечирээк келди. Бир мезгилде бардык дыйкандарга сууну бирдей жеткирүү мүмкүн болгон жок", - деди министр.
Маалымат үчүн:
Ал эми буга чейин Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев: "Активдүү сүйлөшүү саясатыбыздын натыйжасында коңшулар бул жылы бизге былтыркыга салыштырмалуу сууну көп берди", - деп айткан.
Коңшу Казакстан Токтогул суу сактагычынан сугат маалында суу алганы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин жолугушуусу учурунда айтылган.
Андан соң бул боюнча Энергетика министрлиги маалымат таратышкан.