Сокулукта тоноочулукка шектелген эки жаран кармалды

Сокулук районунда тоноочулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-декабрь күнү Сокулук РИИБине 1977-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 18-декабрь күнү болжол менен саат 22:00 чамаларында дүкөндөрдүн биринин жанынан белгисиз бирөөлөр анын денесине залал кетирип 10 миң сомдон жогору турган телефонун тартып алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1985-жылы туулган А.Э. жана 1980-жылы туулган Т.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан