Ош: Милиция кызматкерлери дарыланууга муктаж болгон балдарга жардам көрсөттү

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин жана ички аскерлеринде кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын ден соолугуна байланыштуу тынымсыз дарыланып турууга муктаж балдарына акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

"Урматтуу ата-энелер, сиздердин ар дайым балдарыӊыздардын жанында туруп, тынымсыз ден соолугу үчүн кам көрүп жатканыӊыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул канчалык оор жана каржы чыгымдарын талап кыларын дагы түшүнөбүз. Жаӊы жылдын алдында биз аз болсо дагы ал балдарыбызга көӊүл бөлүп коюуну чечтик. Балдардын ден соолугу чыӊ болуп, жакшы болуп кетишсин", - деген шаардык милиция башчысы Акылбек Мамасейитов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан бир жума мурда мындай иш-чараны аткаруу зарылдыгы баса белгиленип, кадрлар бөлүмүнө милиция кызматкерлеринин ар дайым дарыланууга муктаж болгон балдарынын тизмесин аныктоо, аларга акчалай жардам берүү тапшырылган. Бул тапшырма аткарылды.

Ошондой эле 25-декабрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен башкармалыктын балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан "Алтын уя" балдар үйүнүн 17 тарбиялануучусуна жана ден соолугуна байланыштуу үйдө отурган 14 жаш балдарга жаӊы жылдык белектер тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан