Милиция Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний уюмунун эки лидерин кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан облус аймагында “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын эки лидери кармалды. Алардын бири “Солдат” каймана аты менен таанымал болгон “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун 1978-жылы туулган тургуну Д.А.
Ал эми экинчи жаран Сузак району боюнча “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын лидерлеринин бири, буга чейин 3 жолу соттолгон 1954-жылы туулган И.И. Кармалган жарандар өздөрү жашаган аймактарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын идеологиясын жайылтуу максатында диний окууларды уюштургандыгы белгилүү болгон. Алар социалдык тармактарда фейк аккаунттарды ачышып, ал аркылуу экстремисттик уюмдун аудио жана видео материалдарын таратып жүрүшкөндүгү аныкталган.
Бул фактылар боюнча тергөө амалдары толук жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери соттун кароосуна жиберилди.