Өлкөдөгү китепканаларга 5 миллион сомго алынган китептер тапшырылды. Каражат президент Садыр Жапаровдун резервдик фондунан бөлүнгөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Китептерди тапшыруу саамалыгына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.
"Калкты руханий жактан азыктандырууда, инсан катары калыптануусунда китептин ролу чоң экендиги белгиленип, акыркы кезде коомчулук тарабынан көп окулуп жаткан китептер өлкөдөгү китепканаларга таркатылып жаткандыгы айтылды. Учурда аймактагы китепканалардын фонду толукталып жатканы белгиленди. Мындай демилге салт катары уланып, коомго керек, эл кабыл алып жаткан, тарбиялык мааниси бар китептер менен толуктоо улана турганы айтылды.
Иш-чарага бир катар китепкана жетекчилери катышып, казынасы азайып, эскирген китептердин катарын эми жаңы китептер толуктап жатканына кубанып, ыраазычылыктарын билдиришти", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, аймактарга тапшырылып жаткан китептердин арасында "Манас" үчилтиги, "Агындылар 1, 2, 3" китеби, "Чагылгандын көз жашы”, "Каар заман" жана башка бир катар китептер бар.