Экологиялык "Асман" шаарын куруу 2022-жылы старт алат

2022-жылдын март айынан баштап Ысык-Көлдө "Асман" экологиялык шаарынын курулушу башталат. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат Равшан Сабиров билдирди.

Анын айтымында, курулуш компаниясы менен келишим түзүлдү.

"Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, буга чейин макулдашканбыз, долбоорду ишке ашыруу март айында башталат", - дейт депутат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын июль айында "Келечектин экологиялык таза шаары "Асман" долбоору сунушталып, талкууланган. Шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болууга багытталып, анда заманбап ден соолукту чыңдоо жана бизнес борборлорун, стадиондорду, жогорку технологиялык парктар ошондой эле финансы-кредиттик мекемелерди куруу пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан