Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондордун балдары үчүн биринчи жолу Жаңы жылдык кече уюштурду. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашат.
"Балдардын майрамы оюн-зоок жана сынактар менен өтүп, белектер тапшырылды. Соттолгондордун балдары, жашы жете элек, энесинин жана атасынын камкордугусуз калган балдар радикалдык таасирге дуушар болушат, оор физикалык жумуштарга тартылышат, четте калышат. Алар стигматизацияга жана дискриминацияга дуушар болгон калктын аярлуу катмарынын бирин түзөт. Балдар тийиштүү билимге, медициналык жана социалдык кызматтарга ээ эмес. Алар мамлекеттин жана жарандык коомдун жардамына муктаж.
Буга байланыштуу ЖАМКнын ардагерлер кеңеши, "Ынтымак береке" жана "Атадан балдарга" коомдук фонддору тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чара соттолгондорго балдары аркылуу таалим-тарбия берүү максатында өткөрүлдү", - дешет басма сөз кызматынан.