Президенттин милдетин убактылуу аткарган, Ташиев, Жапаров менен сот жообуна тартылган Талант Мамытовдун өмүр баяны

Талант Мамытов VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жаңы түзүлгөн парламенттин бүгүнкү жыйынында Мамытовго 63 депутат "макул" деп добуш берди.


Жаңы чакырылыштын спикери болгон Талант Мамытовдун өмүр баяны:

* 1976-жылы 14-мартта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган;

* 1983-жылы Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектепке кирип, аны 1993-жылы аяктаган. 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырган;
* Эмгек жолун 2000-жылы Баткен облусунда прокурор сапатында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткаруу үчүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган;
* 2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын ноябрына чейин Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор болуп дайындалган;
* 2002-жылдын сентябрынан 2004-жылдын сентябрына чейин Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү болуп иштеген;
* 2004-жылдын сентябрынан 2005-жылдын августуна чейин Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштеген;
* 2005-жылдын августунан 2006-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору болуп дайындалган;
* 2006-жылдын апрелинен 2006-жылын декабрына чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп дайындалган;
* 2006-жылдын декабрынан 2007-жылдын декабрына чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген;
* 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын январына чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп дайындалган;
* 2010-жылдын январында прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошотулган;
* 2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон;

* 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан. Андан кийин сот иши башталган. 6-августта Жогорку Сот депутаттарга карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарган. Судья Жакып Абдрахмановдун төрагалыгынын астындагы соттук курам Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган чечимин толугу менен жокко чыгарып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аларга райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгилеген. Ал эми Талант Мамытовдун 1 жылдык жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.
* 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;

* 2020-жылы 14-ноябрдан 2021-жылдын 28-январына чейин Конституцияга ылайык, президенттин милдетин аткаруучу болот;


* 2020-жылдын 4-ноябрынан 2021-жылдын 28-октябрына чейин Жогорку Кеңештин төрагасы;

Үй-бүлөсү: Жубайы Чынара Мамытова. Алар 4 баланын ата-энеси.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Antiradikal10
2021-12-29 21:13:12
3 чон чимкирик!!!
+1
Antiradikal10
2021-12-29 21:14:42
Чынгызханды туурайм деп элементарно тосмодон да аша албай, аласы айрылып турмого тушкон уч клоун!
+1
Gulina00
2021-12-29 21:22:00
Оздоруно караштууларды жыйнап атат бул деле кыйратпайт окшойт,буларга сын айтпай,сыпайы,болгондорду креслого коюп,Адаханды шайласа болмок ,сындап тоюн таанытмак.
0
tannuru1503
2021-12-29 22:17:57
Бактылуу менен кармашпа...таалайлуу менен талашпа дечу элде.

Буюруп койгон тагдырга жоо бассан да жетесин, буюрбаган тагдырга чуркасан да жетпейсин.Демек, бул адамдарга ушул орун буюруп жаткандыр
+9
Antiradikal10
2021-12-30 07:44:23
Жапаров менен Ташиевдин буйругун тагдыр деп тушунгон кемпайларга тан каламын да. Баары кокустук болсо тагдыр болмок. Мисалы аты-жыты белгисиз бири кокустан депутат болуп шайланып калса, ал да аздай торага болуп калса мына ушул кокустук, июмына ушул тагдыр болмок...

Ал эми Талант Мамытовдун окуясы башкача. БШК шайлоодон четтеткен жеринен Камчы менен Садырдан буйрук тушуп соттор Мамытовду шайлоого катышат деп чыкты. Бул тагдыр эмес, бул Жапаров, Ташиев, Мамытовдун ыплас шайлоосу
+1
Antiradikal10
2021-12-30 07:49:20
Талант Мамытов мыйзамсыз шайланып келгени аздай торага болду. Торага болгону да кокустук же тагдыр эмес, кун мурунтан белгилуу нерсе болчу. Партиялардан шайланып келген 54 депутаттын 36сы бийликтин дос-жар, куда-соок, ага-ини, бийликтин камчысын чабаар ляппайбектер болчу, Ата-Журт, Ишеним, Ынтымак менен келгендер. Ошол 54утун кеминде 50су Талант Мамытовду колдоду Ташиев менен Жапаровдун жен ичинен берилген буйругуна ылайык.
-2
Antiradikal10
2021-12-30 07:51:37
Плюс бир мандаттуулардан кеминде 20 чактысы бийликке караштуулар. Алар колдоп чыгышты. Мунун баары кун мурунтан белгилуу болчу. 2 дос торага кылып кайра эле Мамытовду дайындатаары...

Тагдыр деп коет анкообайларды плюс бастырып... )))

Бийликти 3 зек болуп алып отурат, тосмодон ашып ыштанын жырткандар........
0
ainura220888
2021-12-30 10:41:55
Мен лично игенбейм Мамытовго. Мамытовдун жардамчысы, физкультурныйды чала була буткон чон муштум баардык нерсени муштум менен чечкен бир тупой. Корунгонду уруп сабап эле басып журушот бир тууган аке жакеси баш болуп. Ошолор башкарган мамлекет каяка барат. Жапаровго ишендим эле бул деле болбогон нерсе экен. Бир жыл болду бир иш буткон жок. Новиковду алып тынды российский фонду берип оозуну жап деп себеби новиковдун авторитети жапаровдон бийик эле. Ташиев менен мамытрвду айтбай эле койоюн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан