Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине үй куруу үчүн Бишкек шаардык мэриясы тарабынан жер бөлүнгөнү айтылды. Бул билдирүүлөрдөн кийин аталган комитеттен жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга берилгенин кабарлашты.
"Өкмөттүн 2012-жылдагы токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине айтылып жаткан жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. СССР мезгилинен бери ал жерлер Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетине таандык болгон, андан кийин жеке турак жай курууга муктаж пенсионерлер менен аскер кызматчыларына бөлүштүрүлгөн.
Азыркы учурда "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамына ылайык, бул жерлер тийиштүү ченемдерге ылайыкташтырылууда", - дешти маалымат кызматынан.