Бүгүн, 29-декабрда Ысык-Көл облусунун Кара-Суу айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 3 бала каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 22:33тө толук өчүрүлгөнүн кабарлайт.
Белгилей кетсек, өрт кырсыгы күндүз Ак-Суу районунун Каракол айылында турак үйдөн катталып, өрттү өчүрүүгө саат 15:16да 1 бөлүм тартылып, өрт саат 16:20да чектөөгө алынган.
Өрттүн кесепетинен 3 бала (2018-жылы туулган М.И., 2015-жылы туулган М.А. (кыздар) жана 2016-жылы туулган М.Ю. аттуу бала) каза болду.
Ошондой эле турак үйдүн болжол менен 90 чарчы метр аянты күйдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.