29-декабрда интернет айдыңына 1930-жылдардагы мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов тууралуу кыска метраждуу автобиографиялык тасма чыкты.
Тасманы Media Kitchen студиясы тарткан, режиссёру Мурат Мамбетов. 14 мүнөттүк тасмада Касым Тыныстановдун камакка алынышына чейинки жашоосунан эпизод көрсөтүлгөн.
Анда Тыныстанов ар кандай коркутууларга, каралоого жана саясий кысымга карабастан өз принциптерине турганы, ден соолугу начарлаганына карабай өмүрүн, күчүн, убактысын аябай иштегени баяндалат.