"Ирээнжитти". Депутат Жусуп Коргонбай уулу Ак Үйдөгү дааратканада кагаз жок экенине нааразы болду


Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Жусуп Коргонбай уулу биринчи эле жыйында Ак Үйдөгү дааратканага байланыштуу сын айтты. Тагыраагы ал эмнеге нааразы болгонун айтып, буларга токтолду.

"Жогорку Кеңеш мени дагы эмнеси менен ирээнжитти? Түштөнүү үчүн ашканага барганда мээге соккондой тамагы жок, дааратканасында кагазы жок. Бул эмне деген Ак Үй? Биз биринчи жолу кирип жатабыз. Эгер чарбалык, Ак Үйдүн ичиндеги иштерибиз ушундай болсо, мамлекеттин акыбалы эртең кандай болот? Мени кечирип коюшсун анча-мынча кишилер, бирок айтууга туура келип жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, 29-декабрда парламентке жаңы шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи болуп, андан кийин жыйын өткөрүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы шайланды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zam81
2021-12-30 01:40:39
Ишенген кожом сен болсон дегендей эле болдуго буларданда умут жок болуп калды баштаганда артынан баштадыго
+8
Agayu
2021-12-30 02:24:43
Адахан уйроттабы .Песимист болушту
+5
Alinur96kg
2021-12-30 02:25:36
Чимкириктер кетип,чычкактар келдиби.Багалегинден ылдый куйулуп туалетке жетпей калсан кана.
+9
KaGaH
2021-12-30 02:47:49
Башка проблема куруп калгансып хе,суу менен жууп чыга бер да макале
+4
Ozgocho111
2021-12-30 11:31:35
KaGaH,
0
Antiradikal10
2021-12-30 07:53:55
Кабинетин бошотуп жатып туалет кагаздарынан бери калтырбай ташып кетишсе керек да мурунку чимкириктер... )))))))
+6
Bul-kim
2021-12-30 07:54:56
Эл силерди ишенип шайласа, АК уйго барып алып эллин койгойун чечкендин ордуно озуно туалетная бумага таппай кыргызстандын ыйык трибунасында айтып отурсан сага аябай наалат айтам! Жогол АК уйдон сен иштей албайсын
+12
nazira...
2021-12-30 08:00:58
Чөнтөгүңө сала кир да бумагаңды, сенин качан чычарыңды, же качан ичиң өтөөрүн бир өзүң билесин да. Эмне гарем ойлоп бардың беле ал жерди. Сенин оюңа койсо бирөө аарчып берсин дегидейсин го. Уят, сый деген жок экен да.
+5
Ozgocho111
2021-12-30 08:55:58
Кече туз эфир коруп отуруп тан калдым, умутторум быт чыты чыкты, бир да депутат элдин койгойун айткысы келбейт, арасында аябай маданиятсыз , билимсиз кишилер бар экен, бут оздорунун проблемаларын айтып буто алышпайт.Машина, кабинет, эмгек акы , жардамчылар ....такыр тунулдум. Эн уят бут эл коруп отурса каяктагы бумага деп, тамак деп. Нурлан Шакиев чу дегенде эле акчадан баштады го,,, кыскасы онолбойт экенбиз
+6
Nurlan1982
2021-12-30 09:03:07
Эрулан туура суйлоду,калганы баары эле оздорунун проблемасын айтышатко.
+3
erkegenje
2021-12-30 10:52:42
Олаа Эми 5жыл ушул клоондорду коробуз угабыз атинай атинай дагы эле кокмеелер келгенго
+4
Alixan-Nookat.2015
2021-12-30 11:02:48
Булар сразу эле озуно шарт тузгусу барго,эртен кичине отуруп депутаттык доорду сургондо булар асмандан айды алгысы келетго.
+2
nurik73
2021-12-30 11:32:04
Туууй ата булар ниже плинтуса адамдар экен. Булар жыргатпайт чу дегенде эле оздорун ойлой башташты. Кочукторун ойлой башташты.
+2
Zarema11
2021-12-30 11:36:22
Бумага чоң проблема. Дагы деле ошондой эле чимкириктер .
+3
bratanyn
2021-12-30 15:37:28
Парламентти жашоо керемет ойлодуңар беле?
+3
Jibani
2021-12-31 03:39:29
Газета менен аарчы да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан