Жалал-Абадда пиротехникалык каражаттарды саткандарга рейд жүрдү

Жалал-Абад шаарында атайын түзүлгөн комиссия тарабынан пиротехникалык каражаттар боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейдге шаардык ички иштер бөлүмү, өрт коопсуздук кызматы, ошондой эле шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин адистери чыкты.
"Анда шаар аймагында пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганы эскертилип, үч сатуучунун пиротехникалык каражаттары сатуудан алып салынды", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан