Ош мэриясы муниципалдык гүл дүкөнүн ачууну көздөп жатат

Ош мэриясы муниципалдык гүл дүкөнүн ачып, өстүргөн гүлдөрдү жана биогумус сатууну көздөйт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жашылдандыруу багытындагы пландар менен таанышып чыкты.
"Келерки жылга карата Кара-Кысмак питомнигиндеги күнөскананын жылытуу системасын оңдоп, гүл өстүрүүчү аянтты кеңейтүү планы түзүлдү. Бул демилге ишке ашырылса "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасы гүл дүкөнүн ача алат. Өстүргөн гүлдөрүн шаардыктарга сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Келаткан жылы шаарды кооздоо үчүн гүлдөрдүн жаңы түрлөрүнүн уруктарын алып келүү да пландалууда.
Ошондой эле калифорниялык сөөлжанды өстүрүү жөнүндө сөз жүрүп, тапшырмалар коюлду", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан