Ысык-Көлдө жарандан мыйзамсыз ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Арсенал" операциясынын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлерине Каракол шаарынын тургуну, үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн. Тийиштүү тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү адамдын аты-жөнү аныкталган. Ал шаардын 44 жаштагы тургуну А.А. болгон.
Мыйзамдуу тинтүү иштеринин жүрүшүндө, анын үйүнөн чачылган түрдө белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал, ошондой эле 5,45 мм калибриндеги 4 даана жана кичи калибрдеги 3 даана октор табылган.
Андан тышкары, "Арсенал" операциясынын алкагында 36 жаштагы Түп районунун тургунунун үйүнөн 7,62 мм. калибриндеги 20 даана октор табылган.
Аныкталган 2 факты боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн облусттук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.