Монголияда өткөн мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн желегин кармап турган спортчу көпчүлүктү таң калтырууда. Мындай сүрөт социалдык тармактарга тарады.
Сүрөттө көрүнгөндөй, мелдеште үчүнчү орунду алган спортчулар турган жерге кара терилүү адам Кыргыз өлкөсүнүн желегин кармап турат. Бул сүрөткө көпчүлүк интернет колдонуучулар таң калган пикирлерин жазышты.
Монголиянын интернет колдонуучулары:"Кара Кыргыз", "Ирандык спортчу Монголиянын атынан медаль утту, айырмасы эмнеде?", "Мелдешке сулуу кара кыргыз спортчу катышты", - деп жазышууда.
Бул боюнча Таэквандо федерациясына байланышканыбызда бул аларга карабай тургандыгын, сүрөттөгү спортчуну тааныбай тургандыгын айтты.