Эки буту баспаган Амантур 16 жашында алгачкы кадамдарын басып баштады

SUPER.KG порталынын каарманы буга чейин эки буту баспаган 16 жаштагы Амантур Амиракуловго профессор Сабырбек Жумабеков акысыз операция жасап, акырындан басып баштады.

Акыры тилегиме жеттим деген Амантур Амиракулов кубанычы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Биринчи басканда аябай толкунданып, буттарым титиреп баса албай жаттым. Кийин акырындан бир, эки кадам таштап басып жаттым. Акыры тилегиме жеттим, Сабырбек агайга аябай ыраазымын. Буюрса, жакшы болуп, басып калганда көк бөрү ойногум келет. Анан акча топтоп апам дебейм, бейишимдин ачкычын Меккеге алып барып келгим келет. Окууну аяктаганда өзүмдөй балдарды дарылаган Сабырбек агайдай дарыгер болгум келет", - дейт Амиракулов.

Ал эми белгилүү травматолог жана ортопед, академик Сабырбек Жумабеков Амантурдун операциясы ийгиликтүү болгондугун, 16 жылдан бери баспаган бала үчүн бул чоң ийгилик экендигин кошумчалады.

"Амантурдун видеосу интернетке чыкканда көрүп калдым. Андан соң мага алып келгиле, колдон келишинче бекер жардам берем деп жазгам. Ноябрь айында чоң энеси менен келди, операция ийгиликтүү жасалды. Албетте, баары акысыз. 16 жылдан бери баспаган бала үчүн бул чоң жетишкендик. Буюрса, дагы февраль айында келсе, тизесине операция жасайбыз ошол менен буту түздөлүп, кадимкидей басып калат. Айыл жерлеринде бизге жете албай жүргөн ушундай балдар, кыздар болсо алып келгиле, биз колдон келишинче акысыз жардам беребиз", - деди Жумабеков.

Белгилей кетсек, Амантур учурда 16 жашта. Ал Аксы районунун Боспиек айылынын тургуну. Ата-энеси эки ажырым жолго түшүп, алты айлыгынан тартып чоң энеси Санавар Ниязбекова багып келген.

Буту баспаган Амантурдун чоң энеси: "Көтөрүп жүрүп мектепке окуттум"
16 жашында алгачкы кадамдарын басып баштаган Амантур
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Taalaibek.
2021-12-30 18:19:38
Сонун жанылык. Аллах шыпаасын берсин. Ден-соолук каалайм.
+7
Jelezo
2021-12-30 19:06:19
С.Жумабеков аябай көп адамдарга жакшылык кылды ушундай инсандар Кыргыз эл баатыры болушу керек.
+7
Bishkek-Kg
2021-12-30 19:25:12
Адамгерчидиктүү врач экен. Аллаах эки дүйнө бактылуу кылсын сизди врач мырза!!!
+6
bond02
2021-12-30 23:03:20
Колунуз дарт корбосун врач, бир адамды бактылуу кылдыныз.
+2
Mahabat84
2022-01-03 02:11:13
Жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан