ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: 2021-жылы өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулуктар бир шилтемеде

Өтүп бара жаткан жылда өлкөдө төбө чачты тик тургузган, үрөй учурган кылмыш-кырсык окуялары арбын болду. Айрым окуяларга сот же укук коргоо органдары чекит койсо, айрымдарынын иши тергөөдөн тергөөгө, соттон сотко жылып жаткан учуру.

SUPER.KG порталы 2021-жылы өспүрүмдөргө карата болгон зордук-зомбулук окуяларынын айрымдарын тизмектеди.

Өгөй атасы зордуктаганын айтып, кийин тосмо арыз жазган өспүрүм кыз

19-декабрь күнү Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап жүргөнү тууралуу маалымат тараган. Жактоочунун айтымында, кыз алгач зордукталганын таенесине айткан. Кыз милицияга арыз жазылгандан кийин үйүнө баруудан баш тартып, ал социалдык кызматкерлерге өткөрүп берилген. Кыздын бир тууган таежеси дагы бул фактыны тастыктап, өгөй атасына чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Кийин териштирүү иштеринин натыйжасында, кызды социалдык министрлик таенесине өткөрүп берген. Андан кийин өспүрүм кыз Республикалык психикалык ден соолук борборуна жаткырылып, дарыланып чыкканы маалымдалган.

Кийинчерээк тергөөдө 15 жаштагы өспүрүм тергөө учурунда өз көрсөтмөсүн бир нече жолу өзгөртүп, кийин коюлган айыпты колдоодон баш тартып, тосмо арыз жазып берген. Мындан улам тергөө органдары кыздын өгөй атасына карата кылмыш ишин козгоону токтоткон.

6 ай бою 3 эркек тарабынан зордукталган 13 жашар кыз

Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыз 6 ай бою 3 эркек тарабынан зордукталып жүргөн. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Тоң райондук соту аталган ишке шектүүлөрдүн бирөөсүн 7 жарым жылга эркинен ажыратып, экөөсүн актаган. Мындай чечимге нааразы болгон кыздын жакындары облустук сотко кайрылган.

Кыз райондук соттун чечиминен кийин апасына жашагысы келбей калганын айтып, ыйлаган. Бул окуя массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка чыгып, катуу талкууга алынган. Бул талкуудан кийин гана облустук сот ишти карап чыгып, 29-мартта Ысык-Көл облустук соту буга чейин 7 жарым жылга эркинен ажыраткан соттолуучуну 20 жылга эркинен ажыратса, райондук сотто акталган эки шектүүгө 15 жылдан берилген. Алар сот залынан камакка алынган. Жабырлануучу кыз кризистик борбордо дарыланып, жакындары менен сүйлөшө баштаганын атасы айтып берген.

Чаткалда зордукталганын айтып чыккан 19 жаштагы жигит

SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 19 жаштагы тургуну кайрылып, "2010-жылдан бери бөлөлөрүм коркутуу, үркүтүү жолу менен зордуктап жүргөн" деп билдирген. Мындай арыз облустук милицияга келип түшүп, ал төмөнкүчө жазылган "2011-жылдын жай айынан баштап 2012-жылдын кыш айына чейин бир тууган 2 бөлөсү, 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин башка дагы бир бала күч колдонуп зордуктап келгендигин, аталган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранам" .

Аталган факты Чаткал РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин жабырлануучу делген бала милицияга барып тосмо арыз жазган. Бирок ал себебин түшүндүргөн эмес.

3 жашар баланы мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелген 15 жашар өспүрүм

Оштун Өзгөн районунда 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалган. Анда 17-январь күнү саат 14:30 чамасында 3 жаштагы бала денесинен жараат алып Өзгөн аймактык ооруканасына келип түшкөн. Анда бала жолдо каза болуп калганын дарыгерлер айтышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө 15 жаштагы өспүрүм айылдашы 3 жаштагы баланы өзү жашаган айылдын түштүк тарабындагы талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип барып, эч ким көрбөгөн жерге алып кирип, муштуму менен уруп, ал эс-учун жоготуп жатып калганда башка таш менен чаап, өсүп турган камыштын арасына ыргытып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Шектүү бул окуяга 3 жашар бала аны уят сөз менен сөккөндүктөн кыжыры келип ушул жолго барганын айтып берген. Милиция шектүүнү камакка алган. Учурда сот иштери жүрүүдө.

Агасы бир тууганына бычак сайган Мурас-Ордодогу окуя

Бишкектин Мурас-Ордо жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип, анын бир тууган агасы кармалган. Анда 17-март күнү саат 12:40 чамасында Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө Мурас-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн өспүрүмдүн жансыз денеси табылганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Анда өспүрүм моюнуна бычак сайылып, каза болгону айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматы барып, каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм экендигин ал эпилепсия оорусу менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 2004-жылы туулган А.С. аттуу агасы карап калганын айткан. Аталган окуя боюнча кошуналар суракка алынып, издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары үй-бүлөнүн 17 жаштагы баласы кармалган. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам болгонун айткан. Бул ишти Биринчи Май райондук соту карап чыгып, шектүүнү үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынган.

Аксыда көз жарган 7-класстын окуучусу

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагында 7-класстын окуучусу көз жарган. Кыздын ата-энеси ооруканага сокур ичеги деп алып барган. Ичи ооруганынан ата-энеси сокур ичеги болуп калган окшойт деп ооруканага алып барганда дарыгерлер кош бойлуу деп чыгарып, ичи толготуп жаткандан улам ооруп жаткандыгын айтышкан. Анда айыл өкмөт башчы кыз толук кандуу, үлгүлүү, буга чейин ызы-чуусу жок жашаган бүлө экенин,0 ошондой эле кыз мектептеги эң алдыңкы окуучулардын бири болгонун кошумчалаган. Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери шектүү катары 2004-жылы туулган жаранды кармаган. Ага карата "зордуктоо" беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй кыз окуган мектептин директору менен соцпедагогу өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишкен.

Дааратканадан зордукталган 12 жашар кыз

Ош облусунун Өзгөн районунда 12 жаштагы кызды зордуктоого 39 жаштагы шектүү кармалган. Анда 23-июль күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарынын тургуну 12 жаштагы кыз үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу РИИБге маалымат берген. Кыз РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган. Ал өз көрсөтмөсүндө 23-июль күнү Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүчү жайдын короосунда жайгашкан дааратканада белгисиз жаран зордуктагандыгын айткан. Анын берген көрсөтмөсүнө ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында 12 жаштагы кыз зордукталганы аныкталган.

Токойдон жансыз денеси табылган 16 жаштагы Ольга Хабарова

Ушул жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган. Ал 16 жаштагы мектеп окуучусу Ольга Хабарова болгон. Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмыш ишине шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон. Азыркы учурда бул иш боюнча Кемин райондук сотунда соттук отурумдар уланууда.

Өз аялын өлтүрүп, кийин кызын зордуктаган ата

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөн. Анда 1967-жылы туулган С.Т. узак убакыттан бери өзүнүн 2008-жылы туулган кызынын мажбурлап жыныстык катнашта болуп жүргөндүгү боюнча маалымат алган. Аталган факты 21-сентябрь күнү Жумгал РИИБинин электрондук каттоосуна алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү ата 2010-жылы өзүнүн аялын өлтүргөндүгү боюнча сот жообуна тартылып, 2018-жылы жазасын өтөп чыккан. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү суракка алынып, көрсөтмөгө ылайык, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун, буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин жасагандыгын көрсөткөн. Жумгал райондук соту кыздын атасын күнөөлүү деп таап, 54 жаштагы тургунду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 9 жаштагы Сумая

18-ноябрь күнү Сумая Хосилжанова саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болгон. Аны алгач милиция кызматкерлери андан кийин 100дөн ашуун ыктыярчы издеп баштаган. Бирок 27-ноябрь күнү Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан телефон чалуу болуп, ошол эле райондун Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжолдуу 12 жаш курактагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы кабарланган. Жерине барган ыкчам топ ал дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанова экени аныкталган. Кыздын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон. Эртеси Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышкан. Иликтөө иштеринин натыйжасында Сумаянын өлүмүнө шектелип Сузак районунун тургуну, 1973-жылы туулган У.А. 22-декабрда кармалган. Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен моюнга алган. Ал Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, Сумаяны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөсүндө колу, бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, каза болуп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө жин оорусу менен стационардык тартипте дарылангандыгы аныкталды. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 186-беренесинин ("экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу") негизинде шектүүгө карата 23-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын эксперттерине тапшырылды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан