31-декабрда борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт уюштурулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аянттагы концерттик программа 31-декабрда саат 19:00до башталат.
"Фейерверктердин сатылышына жол бербөө үчүн аянттын аймагындагы стихиялуу соода түйүндөрү көзөмөлгө алынат" деп жазылат маалыматта.