Биз социалдык тармакта

Бишкекте эртең коомдук транспорттор түнкү саат 1ге чейин каттайт

Бишкек шаарында Жаңы жыл түнү коомдук транспорт каражаттары түнкү саат 1ге чейин каттайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"31-декабрдан 1-январга караган түнү жаңы жылдык атайын каттам түнкү саат 01:00гө чейин иштейт", - деп жазылат маалыматта.

Алты троллейбустук каттам шаар тургундарын төмөнкү багыттар боюнча ташыйт:

  • №2, Аламедин-1 кичи району — Фрунзе заводу;
  • №4, эт комбинаты — Кожзавод;
  • №7, Туңгуч кичи району — Ак-Өргө конушу;
  • №10, Асанбай кичи району — Фрунзе заводу;
  • №14 Жал кичи району — Киркомстром.
  • № 17 Асанбай кичи району — Кожзавод.
Ошондой эле Жаңы жыл түнү саат 1ге чейин бардык каттамдар автобустар, кичи автобустар каттайт.
1-январдан тарта бардык муниципалдык коомдук транспорттор эртең мененки саат 08:00дөн 20:00гө чейин, ал эми кичи автобустар адаттагыдай эле атайын график менен иштейт.
2-январдан тарта бардык шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштеп баштайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан