Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн браконьер кармалганын облустук милициядан кабарлашты.
Каракол шаарынын милициясы Ысык-Көлдөн мыйзамсыз балык уулап, аны үйүнө көтөрүп бара жаткан адамды кармаган. Ал адамдын аты-жөнүн такташып, 41 жаштагы В.А. аттуу жергиликтүү тургун экени белгилүү болгон.
Тургун көлдүн жээгинде жашай турганын, оор жумуштан кийин балык уулоо менен эс алууну көздөгөнүн айткан.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси "балык же суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо" менен иш козголгон.
Учурда келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо иштери жүрүүдө.