ИИМдин күзөт кызматы республика боюнча 4 миңдей мекеме-чарбаларды кайтарат

ИИМдин күзөт кызматы тарабынан республика боюнча 3 миңден ашуун мекеме-чарбалар кайтарылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 11 ай аралыгында Ички иштер министрлигинин күзөт кызматы тарабынан кайтарууда турган 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 332 мекемеден 3 миң 642 мекемеге чейин жогорулаган.

"Күзөт кызматынын түзүмдөрүнүн кайтаруусунда турган мекемелердин 766 объектиси өзгөчө маанилүү стратегиялык мекеме-чарбалар болуп саналат. Күзөт кызматы мекемени кайтаруу жана коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги милдеттеринен тышкары, башка түзүмдөрү менен биргеликте кылмыштуулук менен күрөшүү уурулук, талап тоноо, каракчылык жана адам өлтүрүү кылмыштардын бетин ачуу багытында иш алып барат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан