"Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы". Садыр Жапаров депутаттарга кайрылды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.
"7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары, “Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы” деген пикирлериңиздерден кайтышыңыздарды өтүнөм.
Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби - бул мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, а силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме бересиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат.
Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер.
Баарыбызды бир эле иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик", - деп жазган президент.
Таласта аялын өлтүргөнгө шектүү милиция кызматында иштейт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Antiradikal10
2021-12-30 15:25:06
Ал туура го, бирок озу самолет жалдап учса, Акылбек Жапаров баш болгон министрлер кабинети катын, бала-чакалары менен Дубайга барышса жарманкени шылтоолоп, анда акча кетпейби не?!
-7
patriot.kg94
2021-12-30 21:07:18
Antiradikal10,сен кимди колдойсун конкретно жооп берчи
+1
Chagylgan7
2021-12-30 15:26:08
Аллергия ушул дагы
-1
souza.j
2021-12-30 15:43:38
Туура. Тайрандагандарды тыйалы
+8
Sanjura
2021-12-30 15:50:50
Бириктирген менен өз адистиги боюнча иш алып барбай жатпайбы.Бизде кадр саясаты начар болуп жатат,базарчы,каралар, акчалуулар бийликке келип алды,эл көзүнө эле анча-мынча саясатчы,калганы бийликтин камчысын чапкан кнопка баскычтар болуп калды.Акча бөлгөн азаматтарды өзүнө караштуу кишилерине бөлүп жатса айтатта
+7
Bylykbylyk.9
2021-12-30 16:17:45
Иет эмес ийет деп жазылат!
+4
Baatirbek81
2021-12-30 20:50:01
Туалетине жок дегенде эски уску кагаз койдуруп койгула
Ак үйдүн ичин сасытат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан